Адылбек Касымалиев иш сапары менен Өзбекстанга барды

Министрлер кабинети 16 Июнь 2026 17:05
6a312874f0e70 (1).jpeg
6a3128a0ac944.jpeg
6a31289078071.jpeg
6a31288e04405.jpeg
Алдыга
Артка
6a312874f0e70 (1).jpeg
6a3128a0ac944.jpeg
6a31289078071.jpeg
6a31288e04405.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Өзбекстандын Ташкент шаарына барды. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын учагы “Хумо” эл аралык аэропортуна конду. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Ачилбай Раматов жана башка расмий кызмат адамдары тосуп алышты. 

Аэропорттун флагштокторуна Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катыша турган өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.

Белгилей кетсек, иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Ошондой эле Өзбекстандын расмий жогорку кызмат адамдары менен эки тараптуу жолугушуусу өткөрүлөт жана бир катар объекттерге барат.