Адылбек Касымалиев иш сапары менен Санкт-Петербургга барат

Министрлер кабинети 17 июнь 2026 11:40
Адылбек Касымалиев иш сапары менен Санкт-Петербургга барат

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 17-19-июнда Россиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барат. 

Иш сапардын алкагында минкаб башчысы маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүү боюнча эл аралык конференцияга катышат.