Адылбек Касымалиев иш сапары менен Казакстанга барды

Министрлер кабинети 26 Март 2026 15:40
69c4fe1ea5133.jpeg
69c4fe29d1ee3.jpeg
69c4fe2573e13.jpeg
69c4fe23901a5.jpeg
69c4fe1a21266.jpeg
69c4fe15b7508.jpeg
Алдыга
Артка
69c4fe1ea5133.jpeg
69c4fe29d1ee3.jpeg
69c4fe2573e13.jpeg
69c4fe23901a5.jpeg
69c4fe1a21266.jpeg
69c4fe15b7508.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Казакстанга барды. Өкмөт башчынын учагы Чымкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Адылбек Касымалиевди Казакстандын премьер-министринин орун басары — жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри Жаслан Мадиев жана башка расмий адамдар тосуп алышты. 

Аэропорттун флагштокторуна Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.

Эске сала кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына, ошондой эле “Digital Qazaqstan – 2026” (Санарип Казакстан — 2026) эл аралык санарип форумуна катышат.