Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн чек арачыларын кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жана ардагерлери!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Министрлер кабинетинин атынан жана өзүмдүн атымдан сиздерди Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бул майрам – эрдик, чыдамкайлык, Ата Мекенге берилгендик жана аскердик милдетти мыкты аткаруунун символу. Бардык мезгилдерде мамлекеттик чек араны коргоо көз карандысыз өлкөнүн эң маанилүү милдеттеринин бири болуп келген жана кала берет, анын суверенитетинин, аймактык бүтүндүгүнүн жана улуттук коопсуздугунун ишенимдүү негизи.
Бүгүнкү күндө чек арачылар Ата Мекендин чек арасын коргогон улуу муундардын даңктуу салттарын татыктуу улантууда. Сиздер татаал климаттык жана географиялык шарттарда кызмат өтөп, жогорку кесипкөйлүктү, чыдамдуулукту, жоопкерчиликти жана мамлекеттин кызыкчылыгын, жарандардын коопсуздугун коргоого бардык шарттарда даяр экендигиңиздерди көрсөтүп келесиздер.
Азыркы эл аралык абал жана трансчек аралык мүнөздөгү коркунучтар чек ара түзүмдөрүнөн туруктуу күжүрмөн даярдыкты, жогорку мобилдүүлүктү, техникалык жабдылгандыкты жана аракеттерди натыйжалуу координациялоону талап кылат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы бул талаптарга ишенимдүү жооп берип, өз потенциалын үзгүлтүксүз чыңдап, чек ара коопсуздугунун системасын өркүндөтүүдө.
Биздин өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ болгону – өлкө башчыларынын саясий эрки жана акылмандыгы, тынчтыкка жана коңшу өлкөлөр менен жакшы мамиледе болуу ниеттеринин артынан маанилүү чек ара маселеси чечилди. Бул аймактагы туруктуулукту, өз ара ишенимди жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан тарыхый кадам болду.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик чек ара барган сайын кызматташтыктын, жакшы кошуналыктын жана чыгармачыл өз ара аракеттенүүнүн мейкиндигине айланып баратат. Соода-экономикалык жана гуманитардык байланыштар бекемделип, жарандардын коопсуз жана бейпил жашоосу жана биргелешкен инфраструктуралык жана аймактык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттар түзүлүүдө.
2026-жылы улуттук чек ара ведомствосу көз карандысыз мамлекеттик орган статусун алды. Бул анын статусун гана жогорулатпастан, ар бир кызмат адамынын жоопкерчилигин да бир топ жогорулатат.
Өз кезегинде мамлекет үчүн чек ара инфраструктурасын өнүктүрүү, техникалык жабдууларды модернизациялоо, аскер кызматкерлеринин социалдык кепилдиктерин жогорулатуу жана чек ара ведомствосунун кадрдык потенциалын чыңдоо артыкчылыктуу багыт бойдон кала берет.
Мен чек ара кызматынын ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык билдирем. Сиздердин тажрыйбаңыздар, эрдигиңиздер жана кызматка берилгендигиңиздер жаш муундагы аскер кызматкерлери үчүн татыктуу үлгү болуп саналат.
Чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө бул милдетти түшүнүү менен колдогондугу жана чыдамкайлыгы үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Ишенимдүү тыл ар дайым чек араны коргогон кызматкерлер үчүн эң маанилүү таяныч болуп келген жана болуп кала берет.
Бул майрам күнү бардык аскер кызматкерлерине жана ардагерлерге чың ден соолук, бакубатчылык, тынчтык, кайраттуулук жана Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өсүшү үчүн кызматта жаңы ийгиликтерди каалайм!
Майрамыңыздар менен! Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен!”