Адылбек Касымалиев борбор калаадагы ЖЭБдин иши менен таанышты

Министрлер кабинети 1885 09 Февраль 2025 16:06
67a842be7f2c0.jpeg
67a842c1c068f.jpeg
67a842c292d32.jpeg
67a842c20eb04.jpeg
67a842c122aa5.jpeg
67a842c11d264.jpeg
67a842bfcf6c5.jpeg
67a842bf9a67c.jpeg
67a842be902e6.jpeg
Алдыга
Артка
67a842be7f2c0.jpeg
67a842c1c068f.jpeg
67a842c292d32.jpeg
67a842c20eb04.jpeg
67a842c122aa5.jpeg
67a842c11d264.jpeg
67a842bfcf6c5.jpeg
67a842bf9a67c.jpeg
67a842be902e6.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) муниципалдык ишканасына барып, анын учурдагы иши менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиевге Бишкек Жылуулук электр борборунун иши, өндүрүштүк кубаттуулугу, техникалык мүнөздөмөлөрү, учурдагы көрсөткүчтөрү жана 2025-жылга карата оңдоо иштеринин планы тууралуу кеңири маалымат берилди. Өзгөчө көңүл учурдагы мезгилдеги жүктү көтөрүү жана борбор шаарды ишенимдүү энергия менен камсыздоо, ошондой эле 2024-жылдагы ЖЭБдеги авариядан кийин жабдууларды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматка бурулду.

Ишкананы текшерүү аяктагандан кийин ЖЭБдин жыйындар залында 2024-2025-жылдардын жылытуу мезгилинин жыйынтыгын чыгаруу, көйгөйлүү маселелерди талдоо жана аларды четтетүү боюнча чараларды иштеп чыгуу, ошондой эле 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелерине арналган жыйын өттү.

Атап айтканда, атмосферага эмиссияны азайтуу жана ышка каршы күрөшүү маселелери, ошондой эле Бишкек шаарын газдаштыруу программасын ишке ашыруунун алкагында ЖЭБ үчүн отун катары жаратылыш газын пайдалануу үлүшүн көбөйтүүнүн келечеги талкууланды.

Жыйында борбор калаадагы ЖЭБдин туруктуу жана экологиялык жактан таза иштеши жарандардын жашоо-турмушуна ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу, ишканалардын кыш мезгилинде үзгүлтүксүз иштеши жана борбордун экологиялык абалын жакшыртуу үчүн негизги мааниге ээ экендиги белгиленди.