Адылбек Касымалиев ишкерлер менен бизнес-таңкы тамак форматында жолугушуу өткөрдү

Министрлер кабинети 24 Февраль 2025 09:25
67b963ca24333-thumb.jpeg
67b961fa9a072-thumb.jpeg
67b962ec15c76-thumb.jpeg
67b963ef8fd39-thumb.jpeg
67b96432def71-thumb.jpeg
67b963104bd6f-thumb.jpeg
67b964494ac63-thumb.jpeg
67b9640767d02-thumb.jpeg
67b9641404a59-thumb.jpeg
67b9643974d60-thumb.jpeg
67b9645545acb-thumb.jpeg
67b9644220a57-thumb.jpeg
67b9642047336-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67b963ca24333-thumb.jpeg
67b961fa9a072-thumb.jpeg
67b962ec15c76-thumb.jpeg
67b963ef8fd39-thumb.jpeg
67b96432def71-thumb.jpeg
67b963104bd6f-thumb.jpeg
67b964494ac63-thumb.jpeg
67b9640767d02-thumb.jpeg
67b9641404a59-thumb.jpeg
67b9643974d60-thumb.jpeg
67b9645545acb-thumb.jpeg
67b9644220a57-thumb.jpeg
67b9642047336-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бизнес-таңкы тамак форматында жолугушуу өткөрдү. 

Иш-чарага 60ка жакын ишкерлер жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.

Минкаб башчысы бул жолугушуу –  актуалдуу маселелерди ачык талкуулоого, идеяларды алмашууга жана экономиканы мындан ары өнүктүрүү жана өлкөбүздө ишкер климатты жакшыртуу үчүн биргелешкен чечимдерди табууга мыкты мүмкүнчүлүк экендигин белгиледи.

Адылбек Касымалиев мамлекет менен бизнестин ортосундагы конструктивдүү диалогдун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Министрлер кабинети өз ара аракеттенүүгө жана чечимдерди биргелешип иштеп чыгууга берилгендигин ырастады. 

""Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири ата мекендик жана чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, бизнести колдоо болуп саналат. Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен мындай жолугушуулар квартал сайын өткөрүлөт. Бул мамлекеттик органдар менен ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы актуалдуу маселелерди чечүү боюнча натыйжалуу диалогду колдоого мүмкүндүк берет", - деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес-климатты жакшыртуу, ишкерликти колдоо, инвестицияларды тартуу жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. 

Ишкерлер экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүү боюнча өз сунуштары жана көз караштары менен бөлүшүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тармактык ведомстволорго тийиштүү тапшырмалар берилет.