Адылбек Касымалиев Бишкек шаары үчүн сатып алынган атайын техникалар менен таанышты

Министрлер кабинети 2100 27 Январь 2025 12:05
6797192b08a88-thumb.jpeg
6797190c4e62c-thumb.jpeg
6797190c591a9-thumb.jpeg
6797191f5acce-thumb.jpeg
6797193b94b4d-thumb.jpeg
6797195c60840-thumb.jpeg
6797195e64ac1-thumb.jpeg
6797196a90f5f-thumb.jpeg
67971912c2ce6-thumb.jpeg
67971934cc8b3-thumb.jpeg
6797197088c9a-thumb.jpeg
67971946211ef-thumb.jpeg
679719739294b-thumb.jpeg
6797191801982-thumb.jpeg
6797194653459-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6797192b08a88-thumb.jpeg
6797190c4e62c-thumb.jpeg
6797190c591a9-thumb.jpeg
6797191f5acce-thumb.jpeg
6797193b94b4d-thumb.jpeg
6797195c60840-thumb.jpeg
6797195e64ac1-thumb.jpeg
6797196a90f5f-thumb.jpeg
67971912c2ce6-thumb.jpeg
67971934cc8b3-thumb.jpeg
6797197088c9a-thumb.jpeg
67971946211ef-thumb.jpeg
679719739294b-thumb.jpeg
6797191801982-thumb.jpeg
6797194653459-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын мэриясынын жыйынтыктоочу коллегиясынын алкагында борбор калаанын муниципалдык кызматтарынын муктаждыктары үчүн сатып алынган жаңы атайын техникалар менен таанышты.   

Таанышуунун жүрүшүндө борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев минкаб төрагасына муниципалдык автопаркты модернизациялоо программасын ишке ашыруунун алкагында, муниципалдык ишканалар үчүн 238 даана заманбап атайын техника сатып алуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 2024-жылы шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөнүн маалымдады. Сатып алынган атайын техникаларга – таштандыларды ташуучу унаалар, шыпыруучу жана сугаруу машиналары, бак-дарактарды бутоо жана жашылдандыруу үчүн машиналар, көчөлөрдү жарыктандырууда колдонулуучу машиналар, жол инфраструктурасын тейлөө үчүн техникалар, бульдозерлор, самосвалдар, ошондой эле авариялык жана суу ташуучу унаалар кирет.    

Мындан тышкары, түркиялык Isuzu өндүрүүчүсүнүн экологиялык жактан таза суюлтулган газ менен жүргөн жаңы заманбап автобустары көрсөтүлдү.  

Минкаб төрагасы муниципалдык инфраструктураны жана коомдук транспортту модернизациялоо борбор калаа үчүн артыкчылыктуу багыт болушу керектигин белгилеп, борбор калаанын калкын сапаттуу тейлөө үчүн бул багыттагы иштерди улантуу зарылдыгын кошумчалады.