Адылбек Касымалиев Бишкек мэриясына алдыда аткара турган бир катар милдеттерди койду

Коом 1212 27 Январь 2025 13:10
67972460b6ba7.jpeg
6797245311ee4.jpeg
Алдыга
Артка
67972460b6ba7.jpeg
6797245311ee4.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева — Кабар/. Бишкекти жашоого ыңгайлуу, коопсуз жана өнүккөн шаарга айландыруу керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мэриянын коллегиясында билдирди.

Ал муниципалитеттин алдына социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн бир катар милдеттерди белгилеп, аларды жоопкерчилик менен аткаруу талабын койду.

"Транспортту, экологияны жана жерди пайдаланууну өнүктүрүү боюнча программаларды иштеп чыгуу, социалдык тейлөөнү жакшыртуу, муниципалдык ишканаларга менчиктин кирешесин жогорулатуу жана дебитордук карыздарды кыскартуу боюнча чараларды көрүү керек. 2025-жылга бекитилген иш-чаралар планын өз убагында аткарууну камсыздап, коррупциянын алдын алуу жана болтурбоо боюнча тез арада чараларды көрүү зарыл. Бишкек – мамлекетибиздин борбору, андыктан анын өнүгүшү жана калкынын жашоо сапаты бүткүл Кыргызстандын келечегине түздөн-түз таасир этет. Бишкекти жашоого ыңгайлуу, коопсуз жана өнүккөн шаарга айландыруу сиздердин колуңуздарда”, – деди Адылбек Касымалиев.