Адылбек Касымалиев Баткенде: Жол, стадион жана жаңы оорукана куруу иштерин текшерди

Министрлер кабинети 03 Июнь 2026 09:20
6a1ed90c0f511-thumb.jpeg
6a1ed90a4f9f3-thumb.jpeg
6a1ed90a52ed4-thumb.jpeg
6a1ed90be460f-thumb.jpeg
6a1ed90d2bd16-thumb.jpeg
6a1ed90d94b28-thumb.jpeg
6a1ed90e78748-thumb.jpeg
6a1ed90f4d55d-thumb.jpeg
6a1ed908915e5-thumb.jpeg
6a1ed90888152-thumb.jpeg
6a1ed8f6b2ee8-thumb.jpeg
6a1ed8f7c673e-thumb.jpeg
6a1ed8f655c2e-thumb.jpeg
6a1ed8f5769f4-thumb.jpeg
6a1ed8f8395d6-thumb.jpeg
6a1ed8fa98261-thumb.jpeg
6a1ed8fac9dfa-thumb.jpeg
6a1ed8fd23549-thumb.jpeg
6a1ed8fece5ab-thumb.jpeg
6a1ed7385a173-thumb.jpeg
6a1ed9012c1b8-thumb.jpeg
6a1ed9023b2ca-thumb.jpeg
6a1ed9043f2e4-thumb.jpeg
6a1ed9046e677-thumb.jpeg
6a1ed90622e16-thumb.jpeg
6a1ed900604a8-thumb.jpeg
6a1ed90583571-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6a1ed90c0f511-thumb.jpeg
6a1ed90a4f9f3-thumb.jpeg
6a1ed90a52ed4-thumb.jpeg
6a1ed90be460f-thumb.jpeg
6a1ed90d2bd16-thumb.jpeg
6a1ed90d94b28-thumb.jpeg
6a1ed90e78748-thumb.jpeg
6a1ed90f4d55d-thumb.jpeg
6a1ed908915e5-thumb.jpeg
6a1ed90888152-thumb.jpeg
6a1ed8f6b2ee8-thumb.jpeg
6a1ed8f7c673e-thumb.jpeg
6a1ed8f655c2e-thumb.jpeg
6a1ed8f5769f4-thumb.jpeg
6a1ed8f8395d6-thumb.jpeg
6a1ed8fa98261-thumb.jpeg
6a1ed8fac9dfa-thumb.jpeg
6a1ed8fd23549-thumb.jpeg
6a1ed8fece5ab-thumb.jpeg
6a1ed7385a173-thumb.jpeg
6a1ed9012c1b8-thumb.jpeg
6a1ed9023b2ca-thumb.jpeg
6a1ed9043f2e4-thumb.jpeg
6a1ed9046e677-thumb.jpeg
6a1ed90622e16-thumb.jpeg
6a1ed900604a8-thumb.jpeg
6a1ed90583571-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.06.26. Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерди кыдырды.

Минкаб башчысы стратегиялык маанидеги Миң-Өрүк – Самаркандек жолунун курулушун текшерди. Миң-Өрүк - Самаркандек унаа жолунун  узундугу 3,2 чакырымды түзүп, долбоордо эстакадалык көпүрөнүн курулушу дагы каралган. Курулуп жаткан жол азыркы пайдаланып жаткан каттамга караганда Лейлек районуна 3 чакырымга, ал эми Самаркандек айыл өкмөтүндөгү айылдарга 17 чакырымга кыскарат. Бүгүнкү күндө зоону жардырып жол куруу жана көпүрөнүн таянычтарын тургузуу иштери кызуу жүрүп жатат.  

Андан соң минкаб төрагасы Баткен облустук биргелешкен ооруканасына барды. Оорукананын негизи 2 кабаттуу имараты 1978-жылы, 3 кабаттуу имараты 1981-жылы ал эми жугуштуу оорулар бөлүмү 1968-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. 45-46 жыл ичинде ооруканага капиталдык ремонт болгон эмес, жыл сайын үстүртөн гана ремонт иштери жүргүзүлүп келет. Касымалиев аталган оорукананын абалы менен таанышкан соң, жаңы имарат куруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасын берди. 

Иш сапардын жүрүшүндө минкаб башчысы “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан курулуп жаткан үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Шаар калкына акыркы жолу 2011-жылы турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген. Дээрлик 15 жылдан бери турак жай жер тилкесине муктаждардын саны өскөн. Азыркы учурда Баткен шаарынын мэриясына 5 миң 345 адам турак жай куруу үчүн арыз менен кайрылган. Бул көрсөткүч калктын 16,5 %ын түзөт. Жогорудагы көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен шаар аймагындагы турак жайга муктаж жарандардын саны кескин азаяры күтүлөт.

Ошондой эле минкаб төрагасы Баткен шаарынын Чет-Булак аймагынын Кызыл-Учу участкасында курулуп жаткан борбордук стадионду көрдү. Долбоордун жалпы суммасы 1,8 млрд сомду түзүп, 4 кабаттуу 100 орундуу мейманкана, 2 чоң футбол аянтча (жасалма газон) 1 чоң футбол аянтча (табигый газон) жана 4 кичи футбол аянтчаларды жана башка залдарды камтыйт.

Министрлер кабинетинин төрагасы иш сапарынын биринчи күнүн Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Чет-Булак жерлигиндеги Жаңы Достук конушуна баруу менен аяктады. Бүгүнкү күндө Чет-Булак жерлигинде салынган 181 турак үйдүн курулушу толук аягына чыгып, электр энергиясы менен камсыздалып, ар бир үйгө таза суу тартылып, көчөлөрү жарыктандырылган. 

Адылбек Касымалиев жергиликтүү тургундар менен баарлашып, суроолоруна жооп берди.