Адылбек Касымалиев Баткен облусуна иш сапары менен барды

Министрлер кабинети 02 Июнь 2026 15:20
6a1e996167b0a-thumb.jpeg
6a1e996a7b203-thumb.jpeg
6a1e996a23d33-thumb.jpeg
6a1e996a9058f-thumb.jpeg
6a1e996bcfc98-thumb.jpeg
6a1e996c65334-thumb.jpeg
6a1e996deb37a-thumb.jpeg
6a1e996f8d99c-thumb.jpeg
6a1e996fae2c5-thumb.jpeg
6a1e9962ceda3-thumb.jpeg
6a1e9969ac1c8-thumb.jpeg
6a1e9971ce0c1-thumb.jpeg
6a1e9971f1fb4-thumb.jpeg
6a1e9972a7805-thumb.jpeg
6a1e9973e7579-thumb.jpeg
6a1e99656a4f7-thumb.jpeg
6a1e99742fd2a-thumb.jpeg
6a1e99755c4ca-thumb.jpeg
6a1e99756cbdc-thumb.jpeg
6a1e99763a97c-thumb.jpeg
6a1e99764d3f8-thumb.jpeg
6a1e996474e83-thumb.jpeg
6a1e996491c94-thumb.jpeg
6a1e997053e95-thumb.jpeg
6a1e997068e95-thumb.jpeg
6a1e99718765b-thumb.jpeg
6a1e996998054-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6a1e996167b0a-thumb.jpeg
6a1e996a7b203-thumb.jpeg
6a1e996a23d33-thumb.jpeg
6a1e996a9058f-thumb.jpeg
6a1e996bcfc98-thumb.jpeg
6a1e996c65334-thumb.jpeg
6a1e996deb37a-thumb.jpeg
6a1e996f8d99c-thumb.jpeg
6a1e996fae2c5-thumb.jpeg
6a1e9962ceda3-thumb.jpeg
6a1e9969ac1c8-thumb.jpeg
6a1e9971ce0c1-thumb.jpeg
6a1e9971f1fb4-thumb.jpeg
6a1e9972a7805-thumb.jpeg
6a1e9973e7579-thumb.jpeg
6a1e99656a4f7-thumb.jpeg
6a1e99742fd2a-thumb.jpeg
6a1e99755c4ca-thumb.jpeg
6a1e99756cbdc-thumb.jpeg
6a1e99763a97c-thumb.jpeg
6a1e99764d3f8-thumb.jpeg
6a1e996474e83-thumb.jpeg
6a1e996491c94-thumb.jpeg
6a1e997053e95-thumb.jpeg
6a1e997068e95-thumb.jpeg
6a1e99718765b-thumb.jpeg
6a1e996998054-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барып, алгач Лейлек районундагы бир катар объектилерге баш бакты.

Алсак, минкаб башчысы Лейлек районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун абалы менен таанышып чыкты. Маалым болгондой, 2025-жылы Терапия бөлүмү авариялык абалга келгендиги үчүн жабылып, негизги имараттын экинчи кабатына көчүрүлгөн. Ошондуктан дарыгерлер Неврология жана терапия бөлүмү үчүн өзүнчө жаңы имарат куруу зарылчылыгын айтышты. Минкаб башчысы аталган маселени чечүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Андан соң Кулунду айыл аймагынын Булак-Башы айылындагы "Мега Газоблок КейЖи" ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Немец технологиясы менен автоклав газоблокторун чыгаруучу бул завод экологиялык таза курулуш материалын өндүрүүдө. Завод күнүнө 1200 куб метрге чейин сапаттуу автоклавдык газоблок чыгара алат.

Ошондой эле минкаб төрагасы Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Раззаков жана Максат айылдарынын курулушу менен да таанышып чыкты. Турукташтыруу фондунан Лейлек районунун Раззаков айылындагы жаңы конушту ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын монтаждоо үчүн 39 миллион сом, ал эми Максат айылына 15 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, учурда ичүүчү таза суу жана канализация системасы пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары, Раззаков айылында 2,4 чакырым жолго асфальт төшөө иштери толук аяктап, бүгүнкү күндө кошумча лоток жана бордюрлар коюлууда. Ал эми Максат айылында 1 чакырым 120 метр жолго асфальт төшөө үчүн негизги иштери бүткөрүлдү.

Ошондой эле минкаб башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди. Жыйынтыгында минкаб төрагасы аталган айылдарга көчүп келген жарандар үчүн бардык шарттарды түзүү зарылчылыгын белгилеп, социалдык объектилерди өз убагында сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.