Адылбек Касымалиев Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту

Министрлер кабинети 02 Апрель 2026 14:40
69ce1f91231ea.jpeg
69ce2061e7964.jpeg
69ce1f9414073.jpeg
69ce20633f542.jpeg
69ce2062e881d.jpeg
69ce2062e4db7.jpeg
69ce20628e990.jpeg
69ce2062839e7.jpeg
69ce2061e7964.jpeg
Алдыга
Артка
69ce1f91231ea.jpeg
69ce2061e7964.jpeg
69ce1f9414073.jpeg
69ce20633f542.jpeg
69ce2062e881d.jpeg
69ce2062e4db7.jpeg
69ce20628e990.jpeg
69ce2062839e7.jpeg
69ce2061e7964.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана вице-президенттери менен биргеликте Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту.

Жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана Вице-президенттеринин экинчи жыйынын алкагында өттү.

Анда минкаб башчысы Адылбек Касымалиев жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Түрк мамлекеттер уюмунун Өкмөт башчыларынын экинчи жыйынынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи. 

Ошондой эле ал Кыргызстан Азербайжан менен бир туугандыкка жана өз ара урматтоого негизделген мамилелерди жогору баалай турганын билдирди. 

“Бүгүнкү жолугушуу өлкөлөрүбүздүн Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон умтулуусун тастыктап жатканын канааттануу менен белгилейм” - деген ал, соода, транспорт жана логистика тармактарындагы биргелешкен долбоорлор мындан ары да эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.