Адылбек Касымалиев АКШ делегациясы менен жолукту. Талкууланган маселелер

Министрлер кабинети 28 Апрель 2026 09:20
69ef46636d864 (1).jpg
69ef46643b91c.jpg
69ef4664038ae.jpg
69ef4664034c5.jpg
69ef46636f0e7.jpg
69ef4663a6def.jpg
69ef4663aa1b9.jpg
Алдыга
Артка
69ef46636d864 (1).jpg
69ef46643b91c.jpg
69ef4664038ae.jpg
69ef4664034c5.jpg
69ef46636f0e7.jpg
69ef4663a6def.jpg
69ef4663aa1b9.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Юта штатынын Сенатынын төрагасы Стюарт Адамс баштаган АКШдан келген делегация менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү, саламаттыкты сактоо, инновациялар, санариптик трансформация жана алдыңкы технологиялар боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар Юта штатынын бизнес чөйрөсү менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты.

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев кыргыз тарап соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун комплекстүү моделин, ошондой эле мамлекеттик органдардын, бизнестин жана мамлекеттик мекемелердин өз ара аракеттенүүсүн иштеп чыгууга даяр экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Юта штатынын Сенатынын төрагасы Стюарт Адамс меймандостукта жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ал Кыргызстандын экономикасынын динамикалуу өнүгүп жатканын кубаттап, мындан ары да ийгиликтерди каалады. Ал ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташууну бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда министрлер кабинетинин төрагасы Юта штатынын расмий жана спорттук делегациясын Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өткөрүлө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.