Адылбек Касымалиев 2026-жылы канча жаңы мектеп куруларын айтты

Билим 24 декабрь 2025 10:52
Адылбек Касымалиев 2026-жылы канча жаңы мектеп куруларын айтты

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Эмки жылы 30дан ашык мектеп курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Адылбек Касымалиев президенттин тапшырмасына ылайык, 2026-жылы өлкөдө курула турган мектептердин тизмесин атады:

  • - Бишкек шаары – 20 мектеп,
  • - Ош – 10 мектеп,
  • - Манас шаары – 6 мектеп.

Өлкө аймагындагы авариялык абалдагы мектептер толугу менен ремонттолуп, жаңыланат.

“Бишкекте 2023-жылы 15 мектеп курулду. Андан бери бир нече мектептер салынды. Бирок, бул да борбор калаага жетишсиз болууда”, - деди минкаб жетекчиси.