Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапары учурунда облустарды жана райондорду жоюу жана алардын ордуна 20 округду түзүү тууралуу айтканы административдик-аймактык реформа гана эмес, бул вертикалдык бийлик түзүмүн толугу менен кайра карап чыгуу экенин билдирет. Бул тууралуу эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү "Кабар" маалымат агенттигине берген маектеринде айтышты.
Саясат таануучулар белгилешкендей, административдик-аймактык реформанын жаңы этабы жөнүндө өлкө башчысы жөн жерден айткан жок, анткени жергиликтүү бийлик кырдаалды начар көзөмөлдөп жатканы, президенттин жарлыктарын жана өкмөттүн буйруктарын тийиштүү деңгээлде аткарылбай, облустук жана райондук аткаминерлердин ортосундагы жоопкерчилик жоктугун өз көзү менен көрдү.

Эксперттер белгилешкендей, азыр реформа иштеп чыгуу этабында турат жана аны талкуулоого эрте, бирок бир нече артыкчылыктарды бөлүп кароого болот. Жети облустун, 33 шаардын жана 44 райондун администрацияларын тиешелүү кеңселери менен алмаштырылып, 20 аймактык өкүлчүлүк түзүлөт. Бул системаны тейлөөгө кеткен бюджеттик чыгымдарды бир кыйла кыскартууга алып келет. Ошол эле учурда чечим кабыл алуу жана макулдашуулар процесси бир кыйла кыскарып, вертикалдык бийлик түзүмү ийкемдүү жана натыйжалуу болот.
Мамлекеттик башкаруунун ыңгайлуу системасында баары өз ара аракеттенүү деңгээлинде ачык-айкын жана түшүнүктүү болуп, бюрократияны жок кылып, коррупцияны азайтат, деп белгилейт коомдук жана саясий активист Зайнидин Курманов.

"Жөнөкөй эки баскычтуу административдик-аймактык системага өтүү, адатта, борбордон ажыратууга жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга алып барат. Көпчүлүк учурда, бул борбордук өкмөт менен муниципалитеттердин байланышын көрсөтөт, облустар же райондор сыяктуу ортоңку деңгээлдер жоюлат.
Бул административдик чыгымдардын азайышына, чечимдерди ишке ашыруу ылдамдыгынын жогорулашына, башкаруучулук жоопкерчиликтин жогорку деңгээлине жана муниципалитеттердин ортосундагы атаандаштыктын күчөшүнө алып келет. Мындай системадагы ар бир ката же көзөмөл тез эле ачыкка чыгат. Башкача айтканда, башкаруучу өзүнүн түздөн-түз милдеттерин аткара албагандан кийин дароо эле кызматтан четтетилет.
Негизи жаңы система коомчулуктун жетекчиликке кайрылуу мүмкүнчүлүгүн жөнөкөйлөтөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчиликтүү болгондо, жарандар президентке азырак кайрылып калат", - дейт Курманов.
Президент Садыр Жапаров белгилегендей, административдик-аймактык реформага дагы эки-үч жыл талап кылынат. Бул убакыттын ичинде жаңы өз ара аракеттенүү системасынын ишине байкоо жүргүзүү максатында пилоттук негизде эксперименталдык округ түзүлөт. Мунун максаты аймактардын өз алдынча болуп, дотациядан чыгып, борборго көз карандылыктан арылуусуна шарт түзөт. Ошондой эле өзүн-өзү камсыз кылып, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу, ишканаларды түзүү, инфраструктураны жакшыртуу жана социалдык маселелерди чечүүсүн көздөйт.
Эксперттердин пикиринде, аймактар канчалык жакшы өнүккөн сайын, Кыргызстандын экономикасы ошончолук бекемделет.
Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров учурда өлкөнү жаңы өнүгүү деңгээлине көтөрүүгө басым жасалып жатканын баса белгилейт.
"Аймактардын өнүгүшү өндүрүш тармагын кеңейтет жана мүмкүнчүлгүн жогорулатат. Анткени башкаруунун натыйжалуулугу жогорулап, аймактардын ортосундагы атаандаштык пайда болгондуктан, өнөр жай базасы кеңеет.

Мындай натыйжага чыныгы децентралдаштыруу аркылуу аймактарга каржы, ыйгарым укуктар жана жоопкерчилик өткөрүлүп берилгенде жетишүүгө болот. Президент билдиргендей, трансформациялар олуттуу натыйжаларга жетүүгө багытталган. Кыргызстандын Улуттук өнүктүрүү программасында 2030-жылга чейин ИДПны 30 млрд долларга жеткирүү максаты коюлган. Бул максатка кайра системалык түзүүлөр, анын ичинде административдик-аймактык реформа аркылуу жетишилет”, - деп жыйынтыктайт Абдыров.
Буга чейин өлкөдө ар кандай реформалар жүргүзүлгөн, бирок алар логикалык жыйынтыкка жетип, же реалдуу натыйжаларды берген. 30 жыл бою Кыргызстан көптөгөн көйгөйлөргө туш болуп, өзүнүн өнүгүү жолун тыкыр издеди. Эксперттик коомчулуктун белгилешинче, республикада төрт жыл мурун башталган багыт туура болуп чыкты. Өлкөдө саясат, экономика жана социалдык чөйрөгө таасир эткен ийгиликтүү өзгөрүүлөр болду. Мамлекет жаңы Кыргызстанды куруу үчүн бекем пайдубал түзө алды.
Өнүгүүнүн кийинки этабы – бюрократияны азайтуу жана башкарууну жакшыртуу максатында тереңдетилген административдик-аймактык реформа. Вертикалдык бийлик түзүмү мезгилдин талабына жооп бериши, ийкемдүү жана натыйжалуу болушу керек.