Административдик-аймактык реформа. Нарын облусунда жаңы долбоорлор ишке ашып, өнүгүүгө багыт алды

Аймак Загрузка... 21 Февраль 2025 14:41
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Административдик-аймактык реформанын натыйжасында Нарын облусунда көптөгөн жаңы долбоорлор ишке ашып, облус өнүгүүгө багыт алды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов билдирди.

Анын айтымында, реформаны ишке ашырууда аппараттын структурасы өзгөрүлүп, жаңы штаттык бирдиктер ачылды.

WhatsApp Image 2025-02-21 at 09.50.55 (1).jpeg

“63 айыл аймагы бириктирилип, 27 айыл аймагы түзүлдү. Буга чейин ар бир айыл аймак өзүнүн айлык акысына да киреше таба алган эмес. Административдик-аймактык реформанын аркасында бюджет дагы өстү. 246 штаттык бирдик кыскарып, 112 млн сом оптимизация кылдык”, - деди ал.

Облус башчысы белгилегендей, муну менен катар, облустун ички дүң продукциясы, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жай тармактарында көрсөткүчтөр бир кыйла өстү.

WhatsApp Image 2025-02-21 at 09.50.55.jpeg

“Тоо кен тармагын да өздөштүрө баштадык. Ички регионалдык дүң продукциябыз 17 пайызга өстү. 2024-жылы Нарын облусунда өндүрүш, кайра иштетүү, тейлөө багытында 90 чакан ишкана ачылган. Анын негизинде 1 миң 164 жаңы жумушчу оруну түзүлгөн. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 22 ишканага жана 70 жумуш ордуна көп. Анын ичинде Ат-Башы эл аралык логистикалык борборундагы "Нарын мото" заводу ишке кирип, алгачкы продукцияларын өндүрүп жатат. Ошондой эле курулуш тетиктерин, темир-бетон, нан чыгаруучу, эт жана сүттү кайра иштетүүчү ишканалар ачылды”,-деди ал.