Кыргызстанда психиатрлардын саны эки эсеге азайды: 160 миң кишиге бир дарыгер

Ден соолук Загрузка... 17 Март 2026 16:21
3.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Кыргызстанда психиатрлардын жетишсиздиги жана медициналык жардамды өз убагында алуудагы кыйынчылыктар тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүм башчысы Нургүл Ибраева жана Республикалык психиатрия жана наркология борборунун директорунун милдетин аткаруучу Жаныбек Ажибеков брифингде айтып беришти.

Нургүл Ибраева өлкөдө, өзгөчө айыл жергесинде медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү бирдей эмес экенин, бул кадрлардын тартыштыгына байланыштуу экенин белгиледи.

Анын айтымында, шаарларда психиатр адистери аздыр-көптүр бар, бирок алыскы аймактарда алар жетишсиз, натыйжада бейтаптар керектүү жардамды өз убагында ала алышпайт.

Жаныбек Ажибеков 2025-жылдын аягына карата республика боюнча болгону 136 психиатр дарыгер болгонун билдирди. Салыштырмалуу алсак, 15 жыл мурун алардын саны 300гө жакын, ошондой эле 50дөй нарколог бар болчу.

"Эсептөөлөргө таянсак, ар бир 40 миң тургунга бир психиатр дарыгер туура келиши керек. Бирок калкынын саны 160 миңге жеткен райондордо көбүнчө бир эле адис иштейт, ал психиатрдын жана наркологдун милдетин кошо аткарат. Натыйжада, ал иштин бардык түрүн: бейтаптарды кабыл алуу, рецепт жазуу, аскер комиссариаты үчүн медициналык кароодон өткөрүү сыяктуу иштерди жалгыз аткарууга мажбур. Кадрлардын жетишсиздиги айдан ачык. Ошол эле учурда адистердин көбү стационарларда топтолгон. Ири мекемелер Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, ошондой эле Чым-Коргон жана Кызыл-Жар айылдарында жайгашкан, бирок ал жерлерде да кадр тартыштыгы сезилүүдө", – деди ал.

Жардам алуу тартиби тууралуу Нургүл Ибраева кошумчалагандай, Кыргызстанда бейтап биринчи кезекте баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлине кайрыла турган система иштейт.

Үй-бүлөлүк дарыгер саламаттык сактоо тутумундагы негизги звено болуп саналат жана зарыл болгон учурда бейтапты тиешелүү адиске, анын ичинде психиатрга багыттайт.