Бишкек, 27.11.25 /Кабар/. Кембридж университетинин окумуштуулары жүргүзгөн ири масштабдуу изилдөө адамдын мээси жаш куракка жараша ар башкача өнүгүп, 32 жашта жетилерин көргөзгөн. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, изилдөөдө жаңы төрөлгөн ымыркайлардан тартып 90 жаштагы адамдардын жалпы 3 миң 800дөн ашуун МРТ сүрөттөрү талданып, мээнин ар кайсы бөлүктөрүнүн байланыш түзүлүшү жана өзгөрүүсү көзөмөлдөнгөн.
Изилдөөнүн жыйынтыгында мээ беш негизги этап менен өнүгөрү белгилүү болгон. Ар бир этапта мээ ар башкача кайра түзүлөт. Байланыштар өзгөрөт жана функционалдык жөндөмдүүлүктөр ар башкача иштеп чыгат.
Изилдөө көрсөткөндөй:
- 9 жашка чейин – интенсивдүү өнүгүү: жаңы байланыштар түзүлүп, негизги түзүлүш калыптанат.
- 9–32 жаш– өспүрүм курагындагы узак өзгөрүү: ашыкча байланыштар жоголуп, маанилүүлөрү бекемделет. 32 жашта мээ эң жогорку натыйжалуулукка жетет.
- 32–66 жаш – туруктуулук мезгили: мээнин иштөөсү оптималдуу, бирок карылыктын алгачкы белгилери акырындык менен байкала баштайт.
- 66–83 жаш – карылыктын таасири күчөйт: байланыштар начарлайт.
- 83 жаштан кийин интеграция алсырап, негизги функцияларда өзгөрүү болот.