Садыр Жапаров 2024-жылдын декабрында Европарламенттин Кыргызстандагы адам укуктары боюнча резолюциясын ачык талкуулоону сунуштап, Европарламенттин өкүлдөрүн өлкөгө келип кетүүгө чакырган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлү Ханс Фарнхаммер менен жолугушуу өткөрүп, Кыргызстанга болгон иш сапар жокко чыгарылбаганын, бирок даталар так макулдашылбагандыктан жана бош эмес иш графиктен улам жылдырылганын түшүндүргөн.
Жүйөөлү себептер менен жолугушунун убактысы бир азга жылдырылып калса, Европарламенттин адам укуктары боюнча комитет алдындагы депутаттарынан турган делегациянын төрагасы Мунир Сатури тынчсызданып жатканын жарыя кылып жиберген.

Бул маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккандан кийин президент Садыр Жапаров Европарламенттин делегациясын өлкөдөгү реалдуу кырдаал менен таанышуу үчүн ыңгайлуу убакта расмий чакырууну тапшырганын билдирди.
Садыр Жапаров Европарламенттин менен жолугушууда КСДП партиясынын соттук иши эмне үчүн жашыруун болуп калганын түшүндүрүп, Евробиримдик жана Социалисттик Интернационал уюму менен мамилесин бузгусу келбей турганын белгиледи.

«Темирлан Султанбековдун ишин жашыруун кылып коюпсуңар деп дооматтарды айтып жатасыңар. Бул иш боюнча материалдарды көрсөңүздөр. Жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди Социалисттик Интернационалдан каржылоо фактылары бар. Мунун баарын сот ачык караса, баары ачыкка чыгат. Анда Европа Биримдиги жана Социалисттик Интернационал менен мамилебиз начарлап кетиши мүмкүн. Биз муну каалабайбыз.
Санчес мырза сиз туура белгиледиңиз, биздин кызматташуубузга майда-чүйдө ушундай жеке мамилелер, тоскоол болбош керек. Бул боюнча мен сизди жүз пайыз колдоймун», - деди Садыр Жапаров.
Кыргызстан адам укуктары жана демократиялык стандарттар жаатында кызматташууга даяр экенин ар дайым айтып келет. Бирок мындай учурларда Евробиримдикти кош стандарттуулукка жол бербөөгө чакырат.

“Дүйнөдө адам укуктары одоно бузулган мисалдар бар. Европарламент андай фактыларды көз жаздымда калтырып, көнүл бурбай коесуңар. Анан бизде кичинекей бир нерсе болсо эле дүйнөнү дүңгүрөтүп, айтып чыгасыңар. Мисалы биз “Иноагенттер” жөнүндөгү мыйзамды кабыл алганда Европада, АКШда бейөкмөт уюмдардын укуктарын бузуп жатышат деп айтышты. Алар бизди орус мыйзамдарын көчүрүп алды деп айыпташты. Чынында бул Россиянын эмес, Американын мыйзамы, анткени АКШ аны 100 жыл мурун кабыл алган жана ал бүгүнкү күнгө чейин иштейт. Ушундай эле мыйзамды биз дагы кабыл алдык. Чет элдик бейөкмөт уюмдар биз менен иштешсин, бирок катталып, салык төлөп, отчет берип турсун. 30 жыл ичинде бизде 10 миңге жакын бейөкмөт уюмдар иштеп келди. Бири дагы регистрациядан өтпөптүр. Биз болгону буларды тартипке салалы дедик. Силерде деле бейөкмөт уюмдар бар. Алар кадимкидей каттоого турушат, салык төлөп иштешет. Анан бизге келгенде эмне үчүн башкача болушу керек? Биз экинчи сорттогу мамлекет эмеспиз, биз деле силердикиндей мамлекетпиз», - деди Жапаров.

Кыргызстан бүгүн кемсинтип, күнөөлөй турган өлкө болбой калган. Кыргызстан бүгүн өнүгүү жолунда. Ошондуктан, өзүнүн кызыкчылыгына дал келбеген, башка бирөөлөрдүн оюндарына кошулбайт.