Адал продукция өндүрүү өнүгүү жолунда – Кайырбеков

Коом Загрузка... 20 Май 2025 12:03
WhatsApp Image 2025-05-20 at 08.26.35.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Өлкөнүн адал продукциясын өндүрүү жана экспорттоо өнүгүү жолунда бара жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Адал индустриясын өнүктүрүү” мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Кайырбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда адал индустриясын өнүктүрүү багытында бир катар маанилүү кадамдар жасалууда.

“Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Кыргызстанда адал индустриясын өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан. Бул мыйзам адал продукциянын сапатын жана коопсуздугун камсыздоого багытталган”,-деди ал.

Кайырбеков белгилегендей, адал индустриясынын өнүгүшү менен өлкөгө келген туристтердин саны өсүп жатат.

“Бул багытта Кыргызстанда адал продукцияны өндүрүү жана экспорттоо потенциалы жогору. Бул тармакта иш алып барган ишканаларга колдоо да көрсөтүлүп жатат. Ошондой эле Кыргызстанда адал индустриясын өнүктүрүү боюнча эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү максатында бир катар меморандумдарга кол коюлуп, чет өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу, инвестиция тартуу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө”,-деди ал.