"Ачык кабинеттин" 1- этабы жыйынтыкталды: Минкаб торагасы мыкты министрлерди атады

Министрлер кабинети Загрузка... 17 Июль 2026 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун биринчи этабынын жыйынтыктарын чыгарды. Ага министрлер кабинетиний мүчөлөрү жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты.

"Президент Садыр Нургожоевич Жапаров бизге койгон башкы максат – бул бийликтин толук ачык-айкындуулугу, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу жана жарандарыбыз менен түз, чынчыл диалог. Коом чечимдердин кандай кабыл алынып жатканын, министрлердин кандай иштеп жатканын жана жер-жерлерде алар кандай жоопкерчиликтерди алып жатканын көрүшү керек", — деди Адылбек Касымалиев.

Анын айтымында, долбоордун жыйынтыгы боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ачык-айкындуулугунун, кесипкөйлүгүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүнүн деңгээлин объективдүү баалоого мүмкүндүк берди.

Адылбек Касымалиев ачык-айкындуулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин көрсөткөн жетекчилерди белгилеп, айрыкча өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин, ошондой эле саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмоновдун ишин баса белгиледи. Финансы, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрликтеринин жетекчилеринин сапаттуу даярдыгы өзгөчө белгиленди.

Ошол эле учурда министрлер кабинетинин башчысы мындан ары өркүндөтүүнү талап кылган айрым маселелерге, анын ичинде кээ бир министрликтердин жетекчилеринин коомчулук менен өз ара аракеттенүүсү, жарандарга маалыматты жеткиликтүү жеткирүү жана аткаруучулук тартипти бекемдөө жаатында көңүл бурду. Ал жетекчинин ар кандай коомдук билдирүүсү жоопкерчиликтүү, салмактуу, кесипкөй болушу жана мамлекеттик кызматтын жогорку стандарттарына шайкеш келиши керектигин баса белгиледи.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Адылбек Касымалиев биринчи этап долбоордун натыйжалуулугун тастыктаганын билдирип, экинчи этаптын башталышын жарыялады. Ага мамлекеттик кызматтардын, агенттиктердин, фонддордун жана инспекциялардын жетекчилери катышат.

"Жарандардын ишеними ачык-айкындуулук, кесипкөйлүк жана сый мамиле аркылуу калыптанат. Ар бир мамлекеттик кызматкер ушундай принциптерди жетекчиликке алышы керек", — деп баса белгиледи ал.

Министрлер кабинетинин башчысы Маалыматтык саясат кызматына ушул жылдын сентябрь айында баштала турган долбоордун экинчи этабына даярдык көрүүнү тапшырды.