"Ачык кабинет": Касымалиев Баткен жана Жалал-Абаддагы селдин кесепеттерин талкуулады

Министрлер кабинети 13 Май 2026 09:40
6a03ec55d24af (1).jpg
6a03ec4994e88 (1).jpg
6a03ecda20a54.jpg
6a03ecd5e6171.jpg
6a03ecc79e8b9.jpg
6a03ecc1952e1.jpg
6a03ecbc424e5.jpg
6a03ecaf9198b.jpg
6a03ec61100b7.jpg
6a03ec55d24af.jpg
6a03ec4994e88.jpg
Алдыга
Артка
6a03ec55d24af (1).jpg
6a03ec4994e88 (1).jpg
6a03ecda20a54.jpg
6a03ecd5e6171.jpg
6a03ecc79e8b9.jpg
6a03ecc1952e1.jpg
6a03ecbc424e5.jpg
6a03ecaf9198b.jpg
6a03ec61100b7.jpg
6a03ec55d24af.jpg
6a03ec4994e88.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында президенттин администрациясынын Ситуациялык борборунда жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы өлкөнүн аймактарындагы актуалдуу макроэкономикалык көрсөткүчтөр жана социалдык-экономикалык абал менен кеңири таанышты. 

Ситуациялык борбордун санариптик инструменттерин колдонуу менен бюджеттин аткарылышына, 113 негизги өнөр жай объектисин камтыган инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүлдү. Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү маселелерине көңүл бурулду. Баткен жана Жалал-Абад облустарында болгон кыйратуучу селдин кесепеттерин жоюу күндүн эң маанилүү маселеси болду. 

Адылбек Касымалиев видеокөзөмөл системаларын жана жергиликтүү жерлерден алынган ыкчам маалыматтарды колдонуу менен турак жай секторуна, жолдорго жана ирригациялык тармактарга келтирилген зыяндын масштабын баалады. Министрлер кабинетинин төрагасы табигый кырсыктарга ыкчам чара көрүү зарылдыгын баса белгиледи. Буга байланыштуу министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жабыркаган инфраструктураны калыбына келтирүү жана жабыр тарткан калкка материалдык зыянды баалоо боюнча толук жана так эсептөөлөрдү жүргүзүү тапшырмасын берди. 

Кеңешменин жыйынтыгында Адылбек Касымалиев мамлекеттик программалардын ишке ашырылышына көзөмөлдү күчөтүү жана Ситуациялык борбордун болжолдоо жана ыкчам чара көрүү куралы катары ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Эскерте кетсек, "Ачык кабинет" долбоору коомчулукту өлкө жетекчилигинин иш ыкмалары жана мамлекеттик милдеттердин аткарылышын көзөмөлдөө куралдары жөнүндө маалымдоого багытталган. Бүгүн министрлер кабинетинин башчысы долбоорго катышуусун улантып, Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы объектилерге барат.