Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы аткаруу бийлигинин ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталган “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” масштабдуу долбоорун ишке ашырууну улантууда.
Бул жумада (2026-жылдын 1-июнунан 5-июнуна чейин) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери дагы бир жолу жалпыга маалымдоо каражаттары менен ачык өз ара аракеттенүү форматында иш күндөрүн өткөрүшөт.
Бул жумадагы долбоордун иш-чараларынын графиги:
- 1-июнь (дүйшөмбү): Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун Ош облусуна иш сапары. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов иш күнүн Ош облусунда өткөрөт. Программа объекттерге барууларды жана бардык пландаштырылган жолугушууларды басма сөз өкүлдөрүнүн коштоосунда медиа иш-чараларын камтыйт.
- 3-июнь (шаршемби): Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева менен бир күн. Министр бир күндү массалык маалымат каражаттары менен тыгыз байланышта өткөрөт. Программа эрте радио уктуруу менен башталат, андан кийин журналисттер үчүн күнү бою бирге болуп, интервью жана экскурсия учурунда суроолорго жооп берет.
- 5-июнь (жума): Ош шаарынын мэри Жанар Акаевдин “ЖМК үчүн ачык эшиктер күнү”. Мэр жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрөт, анда журналисттер шаардын ички башкаруу процесстери менен таанышып, актуалдуу шаар көйгөйлөрү боюнча суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Белгилей кетсек, буга чейин төмөндөгү жогорку мамлекеттик кыматкерлер иш күндөрүн "Ачык кабинет" форматында ЖМК өкүлдөрүнө көрсөтүшкөн:
- Адылбек Касымалиев – Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси;
- Данияр Амангелдиев - министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
- Эрлист Акунбеков – министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри;
- Аманкан Кенжебаев – президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Финансы министри Руслан Сүйналиев жана экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, ошондой эле юстиция министри Аяз Баетов жана борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев.