"Ачык кабинет"долбоору: Жумалык иш-чаралардын графиги

Министрлер кабинети Загрузка... 12 Май 2026 13:00
3361293.3c7d8ca05b4ef99059baf923fe083921.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорун ишке киргизет. Ушул жумада аткаруу бийлигинин негизги кызмат адамдары массалык маалымат каражаттары менен ачык өз ара аракеттенүү форматында иш күнүн өткөрүшөт. 

13-май: Министрлер кабинетинин төрагасынын иш сапары

Шаршемби күнү, 13-майда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев долбоордун алкагында Бишкек шаарындагы, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы объектилерге барат. Сапарлардын максаты – мамлекеттик долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөө жана жер-жерлерде маселелерди ыкчам чечүү. ЖМК өкүлдөрү министрлер кабинетинин башчысынын иш ыргагын чагылдыра алышат. 

13-май: Юстиция министри менен күн 

Ошондой эле шаршемби күнү, 13-майда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — юстиция министри Аяз Баетов өзүнүн иш күнүн журналисттердин жана блогерлердин коштоосунда өткөрөт. Юстиция министринин күн тартибинде Юстиция үйүнө баруу, ЖМК өкүлдөрү менен реформалар жана санариптештирүү маселелери боюнча бейформал диалог, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен бизнес чөйрөсүн дебюрократташтыруу боюнча кеңешмеге катышуу бар.

15-май: Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишмердүүлүгү 

Жума күнү, 15-майда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев дагы "Ачык кабинет" долбооруна катышып, аймакты өнүктүрүү боюнча өз ишин көрсөтөт.