Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорун ишке ашырууну улантууда. Алдыдагы жумада аткаруу бийлигинин негизги кызмат адамдары массалык маалымат каражаттары менен ачык өз ара аракеттенүү форматында иш күнүн өткөрүшөт.
18-май: Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын иш күнү
Дүйшөмбү, 18-майда минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев долбоордун алкагында "Биринчи радионун" түз эфирине, "Ынтымак Ордодо" массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен пресс-таңкы тамакка катышат, андан ары журналисттер менен Чүй облусуна чыгуу болот. Мындан тышкары, журналисттер президенттин администрациясындагы эки жумушчу кеңешмеге катыша алышат.
19-май: Экономика жана коммерция министри менен күн
Шейшемби, 19-майда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков өзүнүн иш күнүн журналисттердин коштоосунда өткөрөт. Экономика жана коммерция министринин күн тартибинде ЖМК өкүлдөрү менен бейформал диалог, кеңешмелерге, жумушчу жолугушууларга жана башка иш-чараларга катышуу бар.
22-май: Бишкек шаарынын мэри менен күн
Жума, 22-майда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев дагы "Ачык кабинет" долбооруна катышып, борбор шаарды өнүктүрүү жана шаардын актуалдуу маселелери боюнча өз ишин тартуулайт.
"Ачык кабинет" долбоору мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жогорулатууга жана коомчулукту аткаруу бийлигинин иши жөнүндө маалымдоого багытталган.