"Ачык кабинет": Быйыл жыл аягына чейин Ош облусунда 19 ишкана ачылат

Аймак 560 15 Май 2026 13:25
WhatsApp Image 2026-05-15 at 07.57.45.jpeg
682005852_1307445888240972_4097766233906900218_n.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-05-15 at 07.57.45.jpeg
682005852_1307445888240972_4097766233906900218_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Быйыл жыл аягына чейин Ош облусунда 19 ишкананы ишке киргизүү каралган. Бул тууралуу облус жетекчиси Аманкан Кенжебаев “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында билдирди.

Облус башчысы белгилегендей, август-сентябрь айларында он чакты ишкана ачылат.

Ал эми жыл соңуна чейин 9 ишкана ишке берилет.

“Араван районунда өндүрүш аймагы түзүлгөн. Быйылкы жылы ал жерде 9 ишкана ишин баштады. Былтыр облуста 17 миңдей жумуш орундары түзүлгөн. Быйыл да былтыркыдан кем эмес, 17-20 миңдей орун ачсак деген пландар бар”, - деди Аманкан Кенжебаев.