Ача-Кайыңды – Калинин унаа жолунун 6 чакырымына асфальт төшөлдү

Аймак 29 Июль 2026 14:35
WhatsApp Image 2026-07-29 at 14.45.27.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 14.45.28.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 14.45.28 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 14.45.27 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-29 at 14.45.27.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 14.45.28.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 14.45.28 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 14.45.27 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 29.07.26 /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды – Калинин унаа жолунун 7-13-чакырым аралыгында жалпысынан 6 чакырым жолго асфальт басуу жумуштары аяктады. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.

Ошондой эле аталган райондогу Чар – Ак-Муз унаа жолунда жалпы 7,8 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын 5,1 чакырымына асфальт төшөлдү. Мындан сырткары, Таш-Рабат унаа жолунун 5 чакырымын асфальттоо каралган. Учурда жер жумуштары аяктап, асфальт басууга даярдык жүрүп жатат.

Аткарылган иштер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, транспорттук каттамдардын сапатын жакшыртуу максатында техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө.