Абсолюттук дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Артур Бетербиевди жеңди

Спорт
Абсолюттук дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Артур Бетербиевди жеңди
Абсолюттук дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Артур Бетербиевди жеңди
Алдыга
Артка
Абсолюттук дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Артур Бетербиевди жеңди
Абсолюттук дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Артур Бетербиевди жеңди
Алдыга
Артка

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.02.25. /Кабар/. Бокс боюнча жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Артур Бетербиевди жеңди.

Беттеш 22-февралдан 23-февралга караган түнү Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарындагы Kingdom Arena стадионунда өттү.

Дмитрий Бивол 12 раунга созулган беттеште калыстардын упайынын негизинде Артур Бетербиевди реваншта (114-114, 116-112, 115-113) жеңип, жарым оор салмакта абсолюттук дүйнө чемпиону титулун багындырды.

Мушкерлердин былтыркы жылдагы беттешинде упайлардын саны боюнча Бетербиев жеңишке жеткен болчу.

Белгилей кетсек, Бивол профессионалдык карьерасында 25 мелдеш өткөргөн. Анын 24үндө жеңишке жеткен, мунун ичинен 12 беттешти нокаут менен уткан. Жеңишти бир гана Бетербиевге тарттырып жиберген эле.