Абсаттар Сыргабаев Нарын облусундагы жол куруу иштерин текшерди

Аймак Загрузка... 25 Август 2025 15:30
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар жол курулуш иштеринен кабар алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр алгач Нарын - Баетов унаа жолунун 8-13-чакырымындагы асфальт басуу иштерин текшерди.

Ошондой эле ведомство жетекчиси Нарын - Баетов жолунун 67-чакырымында жайгашкан асфальт-бетон заводдун ишмердүүлүгүн жеринен көзөмөлдөдү. Аталган асфальт завод саатына 80 тонна материал чыгарып жатат.

Мындан тышкары, Ленин жана Ж. Шералиев көчөлөрүндө жүрүп жаткан иштерди кыдырып көрүп чыкты.

Министр Сыргабаев Нарын облусунун аймагында иш алып барып жаткан подрядчы компаниялар менен жолугуп, иш ыргагын ыкчамдатуу, сапатына көңүл буруу тапшырмасын койду.