Абитуриенттер арасында кайсы адистиктерге суроо-талап жогору?

Билим Загрузка... 18 Июнь 2025 12:44
WhatsApp Image 2025-06-18 at 12.47.44.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. Бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов абитуриенттер арасында суроо-талап жогору болгон адистиктер тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө мурдагыдай эле көпчүлүк абитуриенттер кесип тандоодо кыйынчылыктарга туш болушууда. Бирок, абитуриенттер арасында учурда жогорку окуу жайлардан сырткары, орто кесиптик жана техникалык билим берүү мекемелерине кызыгуу артып жатат.

“Жогорку окуу жайларына тапшырган абитуриенттер медицина, юриспруденция, экономика жана башка ушул сыяктуу адистиктерди тандашат.Тагыраагы, рейтингдин жыйынтыгы боюнча аныкталган бул багыттар эң популярдуулардын катарына кирет. Учурда дал ушул багыттарга суроо-талап эң жогору,” – деди ал.