Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. 2024-жылдагы Элдик курултайда көтөрүлгөн 2 500 кайрылуунун ичинен 509 маселе боюнча иштер аткарылып, жалпы аткаруу көрсөткүчү 25,22 пайызды түздү. Бул тууралуу Элдик курултайдын катчылыгынын башчысы Мыктыбек Абдылдаев билдирди.
Анын айтымында, калган кайрылуулар дагы этап-этабы менен ишке ашырылат. Бул абдан жакшы көрсөткүч.
"Ал эми өткөн жылдардагы алгачкы эки курултайда жалпысынан 5 миң 900 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен 3 миң 26 кайрылуу боюнча министрликтер, министрлер кабинети жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте иш жүргүзүлүп, 71,8 пайызы ишке ашырылган",— деди Абдылдаев.