Бишкек, 29.03.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын жашоочулары сезген 12 сааттык интервал менен эки байкалаарлык жер титирөө кандайдыр бир өзгөчө окуя эмес. Бизде тектоникалык процесстердин мүнөзүнө жана табиятка ылайык келген нормалдуу сейсмикалык активдүүлүк бар. Улуттук илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде жарандардын тынчсыздануусун жаратып, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган окуялар илимий өңүттөн алганда кандайча түшүндүрүлөрүнө токтолду.
- 2024-жылдын январындагы Бишкектеги акыркы жер титирөөдөн бери бир жылдан бир аз ашык убакыт өттү. Күн мурун эртең менен борбор калаанын тургундары да жер титирөөнү сезишти. Анан, албетте, мындай окуялар калк арасында кооптонуу жана коркууну пайда кылат. Көп жылдар бою тектоникалык процесстерди изилдеген окумуштуунун көз карашы менен Кыргызстандын реалдуу сейсмикалык абалы тууралуу айтып берсеңиз.
- Кыргызстандын аймагында жер титирөөлөр болуп келген, болуп жатат жана боло берет, анткени биз сейсмикалык кооптуу аймакта жашайбыз. Республикада жыл сайын орто эсеп менен 9200–9300дөй сейсмикалык толкундар болуп турат, алардын ичинен 20га жакыны 5 же 6 баллга чейинки күч менен болот. Биз үчүн бул нормалдуу сейсмикалык аба ырайы деп эсептелинет. Бул кандайдыр бир катаклизмдер, катастрофалык окуялар эмес.
Казакстанда таң эрте саат 4:42де болгон жердин силкинүүсү Бишкекте 4,5 баллга чейин сезилди. Бул биздин аймак үчүн нормалдуу көрүнүш, анткени алар тектоникалык процесстер. Мен тынчсызданууга эч кандай белги же себептерди көргөн жокмун.
Акыркы убакта мындай силкинүүлөрдү көп көрдүк, башкача айтканда сездик. Бизге эч нерсе болгон жок, бул жетиштүү деп ойлойм. Баарыбыз тирүүбүз, үйлөрүбүз ураган жок. Балким болгону бир аз корктук.
- 24 саатка жетпеген убакытта эки жолу жер титирөөнүн болушу нормалдуубу? Кечке жуук ошол эле жерде, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан анча алыс эмес аймакта күчү боюнча таңкыдай эле жер титирөө кайрадан болду...
- Албетте, жер титирөөгө көнүү кыйын. Бирок биздин өлкөдө алар бар жана боло берет деп түшүнүү керек. Кечээ болжол менен саат 16:55те Кыргызстандын аймагында жер титирөө кайталанды, бирок күчү таңкыга караганда азыраак болду. 3-4 баллдык сейсмикалык толкундар кайра бизге жетти. Күндүз көпчүлүк шаардыктар аларды байкабай деле калышы мүмкүн.
- Мьянмада күчү 7,7 – 7,9 баллга жеткен дагы бир катуу жер титирөө катталып, анын натыйжасында Түштүк-Чыгыш Азиянын бир катар өлкөлөрүндө олуттуу кыйроолор орун алды. Биздин аймактагы жана континенттин ары жагындагы сейсмикалык окуялардын ортосунда байланыш барбы?
- Ооба, ал жерде абдан катуу жер титирөө болду. Анан дагы, бардык адамдарды бир суроо тынчсыздандырышы мүмкүн, ошол катуу жер титирөө бул жерде да силкинүүлөрдү козгой алабы дегендей. Буга бир гана жооп бар, таптакыр андай болбойт. Бул процесстер эч кандай өз ара байланышта эмес. Мындай сөздөр негизсиз. Биздин ортобузда ар кандай литосфералык плиталар жана абдан чоң аралыктар бар.Жер титирөөлөр планетада секунд сайын болуп турат жана алар бир эле учурда жердин ар кайсы бөлүктөрүндө кездешет. Алардын баары кандайдыр бир жол менен бири-бирине таасир этсе, анда Кыргызстанда да, дүйнөнүн башка жерлеринде да тынымсыз эле жер титиреп калмак. Бирок андай болгон жок да.
- Жер титирөөлөр дагы болушу ыктымал деп элди чочутууга аракет кылгандардын сөздөрүн жарандар кандай кабыл алышы керек?
- Кайсы бир жерде болгон жер титирөөлөрдөн кийин Кыргызстанда жер титирөөнү алдын ала билем же айта алам деп ойлогондор болушу мүмкүн. Булар алдамчылар экенин дароо айткым келет. Катуу жер титирөөнүн ордун жана убактысын так айта турган дүйнөдө эч ким жок. Буюмуңду жыйнап, сыртка чык деп ким айтса да, баары болбогон сөз. Мындай адамдарга ишенбегиле. Бишкекте сезилген жер титирөөлөрдүн күчүндөй дагы албетте силкинүүлөр болушу мүмкүн. Дагы кайталап айтат элем, биз үчүн бул кадимки сейсмикалык аба ырайы. Ошону менен бирге, мен муну баса белгилегим келет, биз учурда кандайдыр бир катастрофалык титирөөлөрдү байкай элекпиз.