Абанын сапатын жакшыртуу: Экологиялык долбоорлорго арзан насыя берилет

Коом Загрузка... 04 Июнь 2026 10:00
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.55.30 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда атмосфералык абанын булгануусун азайтуу жана экологиялык таза технологияларды жайылтуу максатында "Абанын сапатын жакшыртуу" мамлекеттик программасы ишке ашырылууда.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, программанын алкагында "Элдик Банк", "АБанк" жана "Бакай Банк" аркылуу жеңилдетилген насыялар берилет.

Жеке жактарга экологиялык таза жылытуу жана энергия системаларын орнотуу үчүн 6% менен 1 млн сомго чейин, ал эми ишкерлерге өндүрүштү модернизациялоо жана энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүү үчүн 10% менен 5 млн сомго чейин насыялар каралган.

Каражаттар күн панелдери, жылуулук насостору, электр казандары жана башка экологиялык таза жабдууларды сатып алууга багытталат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды жана ишкердик субъекттерди программага активдүү катышууга чакырат.