Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-февралда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, эртең көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетип, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Аймактардагы абанын температурасы:
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары: +14... +19 °C
- Чүй облусу: +3... +8 °C
- Талас облусу: +5... +10°C
- Ысык-Көл облусу: +4... +9 °C
- Нарын облусу: -2... +3°C
- Суусамыр өрөөнү: -4... -9 °C.
Борбор калаа Бишкекте абанын температурасы +5... +7 °C градусту түзөт.
Министрлик тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертип, айдоочуларды жана жарандарды этият болууга чакырат.