Аба кырсыгынан улам Польшада өтө турган авиашоу токтотулду — Кабар

Аба кырсыгынан улам Польшада өтө турган авиашоу токтотулду

Дүйнө 29 август 2025 10:05
Аба кырсыгынан улам Польшада өтө турган авиашоу токтотулду
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.08.25 /Кабар/. 30-31-августта Польшанын Радом шаарында өтө турган эл аралык авиациялык шоу токтотулду. Буга аскердик учактын кырсыкка учурашы себеп болгондугун РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, күн мурун авиашоуга даярдык көрүү учурунда F-16 үлгүсүндөгү аскердик учак кулап, учкуч каза болгон.

Уюштуруучулар аталган кырсыктан улам конуу тилкеси да жарактан чыкканын белгилешти.