Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Бүгүн агартуу министри Догдуркул Кендирбаева Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Жолугушууда тараптар "Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоорунун жалпы ишмердүүлүгүн талкуулашты. Мектептик билим берүүнү реформалоодо жетишкендиктерди көрсөтө турган чараларга өзгөчө көңүл бурулду, алардын аткарылышы министрликке жүктөлгөн.
Догдуркул Кендирбаева бул жылы профилге чейинки даярдык ишке ашарын, бул келерки жылдан тарта профилдик билим берүүнү киргизүүгө жол ачарын белгиледи. Ошондой эле ал үчүн Базистик окуу планы ийкемдүү болуп, мектептерге академиялык эркиндикти камсыз кылуу зарылдыгы айтылды.
Ошондой эле инновациялык мектептердин учурдагы абалы жана алардын өнүгүү келечеги да талкууланды.
Андан сырткары, катышуучулар АӨБ тарабынан каржыланчу келечектеги башталгыч кесиптик билим берүү долбооруна даярдыкты талкуулашты.