Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Чаткалда аары багуу жана бал өндүрүү тармагында маанилүү долбоор ишке ашырылууда.
Суу аресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, айыл чарба жана социалдык долбоор болуп саналат.
Программанын алкагында 5 үй-бүлөгө, ар бирине 20дан – жалпысынан 100 бал челек алынып берилди. Демилге айыл тургундарынын экономикалык абалын жакшыртуу менен катар, аарычылыкты туруктуу кесип катары жайылтууга өбөлгө болот.
Максаты:
- Аары багууну үйрөтүп, чакан ишкердикти өнүктүрүү;
- Табигый бал өндүрүүнү жолго коюу;
- Үй-бүлөлөрдүн киреше табуусуна колдоо көрсөтүү;
- Экологиялык таза айыл чарбасын жайылтуу.
Бул саамалык менен бал челек алган үй-бүлөлөргө аарычылык боюнча кыска окуу-тренингдер дагы уюштурулган. Алар таза, сапаттуу бал өндүрүп, аймактын продукциясына жаңы дем бере алышат.