Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. 9–11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн аттестациясы 2-июндан 17-июнга чейин өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик аттестация өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарында, менчигинин түрүнө карабастан, 2-июндан 17-июнга чейин 4 предмет боюнча өткөрүлөт:
- алгебра (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 2-июнь;
- эне тили (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) – 6-июнь;
- кыргыз тили жана орус тили (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 11-июнь;
- Кыргызстандын тарыхы (оозеки формада) – 16-июнь.
Ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн аттестациянын мөөнөтү 2-июндан 17-июнга чейин, 4 предмет боюнча өткөрүлөт:
- эне тили жана адабияты (эссе) – 2-июнь;
- алгебра (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 6-июнь;
- Кыргызстандын тарыхы (оозеки формада) – 11-июнь;
- кыргыз тили жана орус тили (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 16-июнь.
Дене тарбия боюнча зачет: 15-майдан 24-майга чейин 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн “Дене тарбия” сабагынан сабактан тышкаркы убакта зачет өткөрүлөт.