Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. 8-октябрда Бишкектин борборунда суу өчөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, суу саат 09:00дөн 20:00гө чейин Ч. Айтматов проспектиси – темир жол тилкеси – Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев көчөсү – Кулиев көчөсү – Москва көчөсү – Дмитров көчөсү – Орозов көчөсү – Казаков көчөсү – Чүй проспектиси – Ала-Арча суусу – Жибек жолу проспектиси – И. Айдарбеков көчөсү – М. Фрунзе көчөсү – Турусбеков көчөсү – Чүй проспектиси – Ч. Айтматов проспектиси – темир жол тилкеси менен чектешкен аймакта болбойт.
Суу берүү “Батыш-2” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүүгө байланыштуу токтотулмакчы.
Бишкек мэриясы шаар тургундарынан жана мекемелерден сууну алдын ала камдап алууну өтүнүп, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.