"Бишкек Аренанын" ачылышы: акысыз автобустар уюштурулат

Коом 1 октябрь 2026 15:35
"Бишкек Аренанын" ачылышы: акысыз автобустар уюштурулат
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. "Бишкек Арена" стадионунун ачылышына байланыштуу жарандарды акысыз ташуу уюштурулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 5-октябрда "Бишкек Арена" стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи өтөт. Ачылыш аземинин алкагында борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн майрамдык программа уюштурулат.

Иш-чара өтүүчү жерге жарандардын ыңгайлуу жана өз убагында жетүүсүн камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген жөнөө пункттарынан "Бишкек Аренага" чейин жана кайра кайтуу акысыз автобус каттамдарын уюштурат.

Жалпысынан 10 автобус каттамы тартылат.

Жарандарды "Бишкек Аренага" жеткирүү саат 15:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жөнөө пункттары жана каттамдар:

  • "Өчпөс от" (Ибраимов көчөсү – Фрунзе көчөсү) → «Бишкек Арена».
  • "Батыш автобекети" (Жибек жолу проспекти – Кулиев көчөсү) → "Бишкек Арена".
  • "Киркомстром" (Барпы Алыкулов көчөсү, 32) → "Бишкек Арена".
  • Асанбай кичи району (А. Токомбаев көчөсү, 3/7) → "Бишкек Арена".
  • "Ак-Кула" автобекети (Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1) → «Бишкек Арена».
  • Аламүдүн-1 кичи району (Ауэзов көчөсү, 4) → "Бишкек Арена".
  • Көк-Жар конушу (Ахунбаев көчөсү – Достоевский көчөсү) → "Бишкек Арена".
  • Т. Фрунзе көчөсү (Гагарин көчөсү, 284) → "Бишкек Арена".
  • Абдымомунов көчөсү, 220 → "Бишкек Арена".
  • Сухэ-Батор көчөсү ("Глобус") → "Бишкек Арена".

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун акысыз автобустарды пайдаланууга чакырат.