Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы Чүй проспектисиндеги ”Кыял“ базарынын аймагындагы тышкы жарыктандыруунун иштешине байланыштуу кырдаал тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, аталган тилкеге тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери подряддык уюм тарабынан жүргүзүлгөн. 2026-жылдын 20-сентябрында объект подрядчы тарабынан ”Бишкекжарык” ишканасына расмий түрдө өткөрүлүп берилген. Келишимдин шарттарына ылайык, аткарылган иштерге бир жылдык кепилдик мөөнөтү белгиленген. Кепилдик мөөнөтүнүн ичинде подряддык уюм аныкталган кемчиликтерди жана жабдуулардын иштен чыгышын жоюуга милдеттүү.
“30-сентябрда ”Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын адистери аталган тилкеде кыска туташуу болгонун аныкташкан. Кемчилик аныкталгандан кийин аны тез арада жоюу боюнча подряддык уюмга тиешелүү тапшырмалар берилген. Бүгүнкү күндө аныкталган бардык кемчиликтер подрядчы тарабынан толугу менен жоюлду. Тышкы жарыктандыруу линиясы штаттык режимде иштеп жатат, орнотулган бардык жарык берүүчү чырактар толук иштөөдө”,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарынын мэриясы болгон кырдаалдын бардык жагдайларын тактоо жана мүчүлүштүктүн келип чыгуу себептерин аныктоо максатында кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.