Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Социалдык тармактарда бир катар жарандар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине суроо узатып, жол белгилерин билерин же билбесин текшерген видеолор чыккан эле.
"Кабар" агенттиги бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулуна кайрылып, сурамжылоо канчалык туура экендигин сурады.
"Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык, кызматкерлердин ишмердүүлүгүн чагылдыруу, аларды фото-видеого тартуу, алардын ишин коомчулукка чыгаруу басма сөз кызматынын макулдашуусу жана уруксаты менен чыгарылат. Журналисттердин такталбаган, кызматкерлердин аброюна шек келтирген маалыматтары тараса, ишке тоскоолдук жаратса, жоопкерчилиги каралат. Ал эми блогер катардагы жаран болуп эсептелгендиктен, анын жоопкерчилиги каралбай калышы мүмкүн.
Ошондуктан кызматкерлерге түз эле барып, видеого тартып, сурамжылоо жүргүзүүгө укук берилбейт", - деп белгиледи ал.
Ошондой эле Байказы Айтикул уулу автомектептер менен атайын келишим түзүп, кызматкерлер окутуп-үйрөтүүдөн өткөрүлүп жатканын айтты.
“Жол кыймылынын эрежесинде 743 жол белгиси бар. Буга байланыштуу биздин кызматкерлерди окутуу-үйрөтүүдөн өткөрүү, кайрадан эскертүү иштерин дагы жүргүзүү улантылууда”, - деп кошумчалады ал.