Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Араван районунда сметалык баасы 1 млрд сом болгон "Араван Газоблок" заводу курулууда.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоор ишке киргенде 70 туруктуу жумуш орду түзүлөт.
Заводдун аянты 4,82 гектарды түзүп, жылына 300 миң куб метр газоблок өндүрүү кубаттуулугуна ээ болот. Өндүрүш үчүн керектүү чийки заттын 90 пайызы Кыргызстандын түштүк аймактарындагы жергиликтүү кендерден алынат.
Учурда курулуш иштерине 100 адам тартылган. Заводду 2026-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.
Долбоор ишке киргенден кийин жыл сайын болжол менен 200 млн сом салыктык, социалдык жана башка милдеттүү төлөмдөр республикалык жана жергиликтүү бюджетке түшөт.