Жаңы стандарт: Мектептерге жаңы "Табигый илимдер" окуу китептери таратылат

Билим 23 Февраль 2026 11:55
641249267_1362030539304020_850939050306487557_n.jpg
639442006_1362031095970631_3465362588357281718_n.jpg
641168750_1362031229303951_368548044780786043_n.jpg
Алдыга
Артка
641249267_1362030539304020_850939050306487557_n.jpg
639442006_1362031095970631_3465362588357281718_n.jpg
641168750_1362031229303951_368548044780786043_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Жалпы билим берүү уюмдарынын окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн 7-класстары үчүн "Табигый илимдер" предмети боюнча окуу китеби басылып чыкты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Окуу китеби жалпысынан 144 миң 965 нускада басылды. Анын ичинен 86 миң 600 нускасы окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн, ал эми 58 ми 365 нускасы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн даярдалды.

Окуу китептери өлкөнүн бардык аймактарындагы билим берүү уюмдарына таратылат.

Аталган окуу-методикалык комплекси мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык иштелип чыкты.