Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 6-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жамгыр жаайт.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында +11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18...+23, Талас облусунда +10...+15 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +14...+16 градус болушу күтүлөт.