Балдары менен 6-кабаттан кулаган келиндин күйөөсү камалды

Укук тартиби Загрузка... 07 Апрель 2026 12:12
AdobeStock_1408567742.jpeg

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда эки кызы менен 6-кабаттан кулап түшкөн келиндин жолдошу эки айга камакка алынды.

Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, 6-апрелде Ленин райондук сотунун чечими менен А. М. А. аттуу жаран 4-июнга чейин камакка алынды.

Эске салсак, 4-апрелде Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда аял киши эки кызы менен 6-кабаттан кулап түшкөнү маалымдалган.

Бишкек шаардык милициясынын маалыматына ылайык, 27 жаштагы Э.А. алган жаракаттарынан улам дароо каза тапкан. Ошондой эле анын 1 жаштагы кызы К.А. ооруканада чарчаган. Ал эми 5 жаштагы кызы Ж.А. жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Бул окуяга боюнча тергөө иштери башталып, өз жанын кыюуга жеткирүү фактысы аныкталган. Ага ылайык, Кылмыш жана жаза кодексинин (өз жанын кыюуга жеткирүү) 128-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

34 жаштагы М.А. кылмышка шектүү деп табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.