5-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 5 октябрь 2026 09:10
5-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 5-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында+9...14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көл облусунда +12...+17, Нарын облусунда +11...+16 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +12...+14 градус болот.