400гө жакын бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Коом 314 10 Июнь 2026 11:10
720736946_1467867775382891_8277810474704685709_n.jpg
719797820_1467867908716211_6602133292769097339_n.jpg
717155107_1467867762049559_1656908992348080375_n.jpg
718150856_1467880695381599_8775485569597435053_n.jpg
717810777_1467867662049569_6624603381624826386_n.jpg
720959582_1467867502049585_2781574752673047612_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Бишкек шаары, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынан келген 375 бала Ысык-Көлгө жайкы эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылдайык, программанын алкагында жалпысынан 11 топту (поток) уюштуруу пландалууда, анда 800 баланын эс алуусу камтылат.

Ар бир топко майыптуулугу бар балдардын катышуусу каралган. Программа социалдык жактан аярлуу топтордогу балдардын ден соолугун чыңдоого, толук кандуу эс алуусун камсыз кылууга жана алардын коомго интеграцияланышына шарт түзүүгө багытталган.

Балдарды жөнөтүүнүн алдында министр Канат Сагынбаев коштоп жүрүүчүлөр, ата-энелер жана балдар менен баарлашып, жайкы эс алуу өнөктүгүн өткөрүүдө балдардын коопсуздугу башкы артыкчылык экенин белгиледи.

“Ар бир баланын жайкы эс алуусун кызыктуу өткөрүп, ден соолугун чыңдап, эң негизгиси коопсуз шартта эс алуусуна мүмкүнчүлүк берүү биз үчүн өтө маанилүү”, - деди Канат Сагынбаев.