320 млн сом жумшалды. Орус драма театры жаңыланды

Маданият Загрузка... 06 Декабрь 2025 16:21
Screenshot_2025-12-06-16-20-51-630_com.facebook.katana.jpg
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 06.12.25. /Кабар/. Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында имараттын капиталдык оңдоп-түзөө иштери толук аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Жаңылоо жумуштарынын алкагында инженердик системаларды модернизациялоо, ички жайларды оңдоо, кичи жана чоң залдарды, вестибюль менен фойени реконструкциялоо, отургучтарды, витраждарды, терезе блокторун жана имараттын чатырын жаңылоо, ошондой эле административдик бөлмөлөрдү оңдоо иштери аткарылды.

Жалпы ремонттук иштердин наркы 320 млн сомду түздү.

Бүгүн, 6-декабрда театр Чыңгыз Айтматовго арналган спектаклдин премьерасы менен өз эшигин кайрадан ачат.