28-майга карата аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Коом Загрузка... 28 Май 2026 10:10
677838214_1614331860697417_7058614160510545978_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.05.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 28-майда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн республиканын көпчүлүк аймактарында күн күркүрөп, жамгыр жаап, айрым аймактарда катуу жаашы күтүлөт. Тоолордо кар жаайт.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +18...+23 градуска чейин жогорулайт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +27...+29 градуска чейин жогорулайт.