246 жеке менчик клиника жарактуу лицензиясы жок иштегени аныкталды

Ден соолук 09 Декабрь 2025 13:12
Без названия.jpg
0a3fadd0-058a-4120-bf98-5246aacacc0f-WhatsApp Image 2025-12-09 at 11.48.28 (1).jpeg
4b69209f-5689-4649-b56c-cb7e37716d3d-WhatsApp Image 2025-12-09 at 11.48.28.jpeg
7aed8b7c-f624-4b12-975c-1a105782595c-WhatsApp Image 2025-12-09 at 11.48.06 (2).jpeg
280bb162-7ab3-404b-be74-de748bcbab7d-WhatsApp Image 2025-12-09 at 11.48.28 (2).jpeg
ddd0eb2f-aca6-431f-b39d-37f5c351befe-WhatsApp Image 2025-12-09 at 11.48.06 (1).jpeg
f35519a1-e061-49ed-97b2-23261ebc741a-WhatsApp Image 2025-12-09 at 11.48.27.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги республикадагы 541ден ашык жеке менчик медициналык жана фармацевтикалык уюмдарга масштабдуу текшерүү жүргүздү.

Ведомстводон маалымдашкандай, текшерүүнүн жыйынтыгында 246 жеке клиника (45,5 пайыз) жарактуу лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталды. Ошондой эле лицензиясы бар 295 субъекттин 110унда лицензиялык талаптарды одоно бузуулар табылды. Буга сертификаты жок кызматкерлер, медициналык билими жок адамдарды жумушка алуу, санитардык эрежелерди сактабоо жана катталбаган дары-дармектерди колдонуу кирет.

Көрүлгөн чаралар:

  • Мыйзам бузуулар үчүн жалпы суммасы 20 млн 740 миң сомдон ашык айып салынды;
  • 263 медициналык уюмдун иши токтотулду;
  • 246 мыйзамсыз иш жүргүзүү фактысы боюнча материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Министрлик лицензиясы жок мекемелерге кайрылуу жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурарын эскертет.

"Медициналык жардамды расмий уруксаты бар лицензияланган уюмдардан гана алуу керек. Лицензиянын бар-жогун министрликтин расмий сайтындагы med.kg/lisenzirovanie бөлүмүнөн текшерүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.